Бишкектеги Француз Альянсынын

  

Бишкектеги Француз Альянсынын сайтына кош келиңиздер! Биздин тил окутуу борбор Кыргызстанда бирөө гана жана бул кооз өлкөдөгү франкофониянын жалгыз таянычы!

Франция, Швейцария, Канада, Бельгия, Сенегал, Кот д’Ивуар жана башка көптөгөн өлкөлөрдө француз тили биринчи же экинчи расмий тил болуп эсептелинет. Француз тилинде сүйлөө – ырахат же мансап үчүнбү, саякат кылуу же жалпы маданиятыңыз үчүнбу – бул сиз үчүн талашсыз артыкчылык жана ал дүйнө жүзүнө көп эшиктерди ачат…

Биз Бишкектеги Француз Альянсында француз тилинин баркын көтөрүү менен чектелбей, Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы маданият жана достук карым-катышын өнүктүрүүгө жана арттырууга аракеттенебиз.

Бишкектеги Француз Альянсы франкофон өлкөлөрүнүн жана кыргыз маданиятын үйрөнүүгө жардам берет жана төмөнкү иш чараларды сунуштайт:

  • француз тил курстары;

  • расмий француз сынактары (DELF-DALF жана TEFAQ);

  • орус жана кыргыз тил курстары;

  • ар кандай маданий иш чаралар (жума сайын кино көрсөтүү, сүйлөө клубдары Франкофония жумалыгы ж.б.);

  • Кыргызстандагы жалгыз француз тилиндеги медиатека бүт баарына ачык;

  • жазуу түрүндө же оозеки котормолор (француз/орус/кыргыз тилдери).

Франкофон же франкофил болсоңуз, франкофон өлкөлөрүнүн маданияттарына же Борбордук Азияга кызыксаңыз же болбосо жөн эле орус же кыргыз тилин окуймун десеңиз, анда биздин жамаат сизди кубаныч менен тосуп алат!

Франкофон, франкофил же жөн эле орус же кыргыз тилин окуйун десеңиз, бүт баарыбыз сизди ыракат менен тосуп алабыз!

Франкофония цифралар менен…

  • Азыркы учурда дүйнөдө 274 миллион франкофон бар, алар 5 континенттин 102 өлкөсүндө жашайт;
  • 29 көз карандысыз өлкө француз тилин расмий тил катары тааныйт: алардын ичинде 13 өлкө француз тилин жалгыз эле расмий тил деп эсептейт жана 16 өлкө экинчи расмий тил деп эсептейт;
  • Француз тили:
    • планета боюнча 5-эң көп колдонулган тилдердин бири болуп саналат (2012 жана 2014-жылдардын арасында +7% франкофон);
    • Европалык бирлигинде 2-эң көп колдонулган чет тили;
    • Дүйнө жүзүндө 2-эң көп окулган чет тили;
    • Эл аралык уюмдарда 2- жумуш тили;
    • Жалпыга маалымдоо каражаттар эл аралык маалыматтарды баяндаган тилдердин ичинде 2-тил болуп саналат;
    • 3-ишкер тили;
    • Иттернетте колдонулуучу 4-тил.
  • эл аралык франкофония уюмунун 77 өлкөсү жана өкмөттөрү биргелешип дүйнө жүзүндөгү элдин санынын 14 %ын түзөт. Дүйнөлүк дүң кирешенин 14 %ын жана тышкы сооданын 20% ын түзөт;
  • 98 өлкөдө жайгашкан 782 окуу жайында окутуу француз тилинде ;
  • чет элдик студенттерди кабыл алуу жана окутуу боюнча Франция дүйнөдө 3- орунда турат (2014 жылы студенттердин саны 300 000 жеткен);
  • Дүйнө жүзүндө 900 000 француз тили мугалими бар, алар 49 миллион кишиге француз тилин чет тили катары окутушат!

carte_francophoniecarte_densite_francais