Бишкектеги Француз Альянсынын Медиатекасы сиздерге өзүнүн кенчин сунуштайт…

Француз маданиятына чөмүлүү үчүн келиңиздер: 3000ден ашуун китеп, 400 тасма жана 600 CD жана кассеталар сизди биздин медиатекада күтөт! Сиз бул жерден кандай гана болбосун табитке туура келген чыгармаларды табасыз жана алардын бардыгы француз тилинде: адабият, ар кандай багыттагы (спорт, тарых, педагогика, философия, укук, экономика, саясий илимдер, Европа Биримдиги) француз тилиндеги китептер, балдар үчүн китептер, пресса, DVD фильмдер, CD музыка жана башкалар…
Медиатека залынан сиз жогоруда саналып өткөн нерселердин бардыгынан пайдалана аласыз, ал эми окурмандын билети бар болсо сиз аларды үйгө алып кете аласыз (белгилүү бир мөөнөткө).

Окурмандын билетин алуу үчүн сиздер медиатекарга кайрылып жана ага төмөндөгү документтерди беришиңиз керек:
– түстүү 2 фотосүрөт (3×4 см өлчөмүндө);
– сиздин паспортуңуздун 1 даана көчүрмөсү;
– визаңыздын 1 даана көчүрмөсү (чет өлкөлүктөр үчүн);
– 400 сом/жылына (Бишкектеги Француз Альянсынын студенттери жана мүчөлөрү үчүн 200 сом/жылына).